Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссияны түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү, 1998-жылдын 7-июлу № 437
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссияны түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-майындагы № 287, 2001-жылдын 10-майындагы № 226 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарба каттоосун өткөрүү жөнүндө" № 85 токтомунда каралган айыл чарбасын өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссияны төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Танаев Н.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы,
Костюк А.В.
-
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, комиссиянын төрагасынын орун басары,
Кудабаев З.И.
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Өмүралиев Т.Э.
-
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору,
Акималиев Ж.А.
-
Кыргыз агрардык академиясынын президенти,
Арабаев Ч.И.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары,
Төрөмырзаев Э.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары,
Мадмаров А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары,
Кеңешов Т.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары,
Мүсүралиев Т.С.
-
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой чарбасын өнүктүрүү департаментинин директору,
Сатиев Ж.С.
-
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы,
Молдокулов С.А.
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча),
Жумабаев К.Д.
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча),
Жолдошев Р.Ж.
-
Ош областык мамлекеттик администрация башчысынын орун басары,
Жумабеков М.Д.
-
Жалал-Абад областык мамлекеттик администрация башчысынын орун басары,
Бозгөрпөев Б.У.
-
Ысык-Көл областык мамлекеттик администрация башчысынын орун басары,
Кумаров Б.С.
-
Нарын областык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары,
Нурмухамбетов З.Ж.
-
Чүй областык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары,
Рысалиев К.Р.
-
Талас областык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-майындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссия 1998-1999-жылдардын ичинде 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн жалпы программасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Областтардын, райондордун жана шаарлардын мамадминистрациялары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык (областтык, райондук, шаардык) комиссияларды түзүп, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн жалпы программасын аткарууну камсыз кылуучу иш чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык жана аймактык комиссияларга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин жана адистерин тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссиянын төрагасы Н.Т.Танаев жана комиссиялар мүчөлөрү "Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бекем жетекчиликке алып, 2002-жылы Биринчи улуттук айыл чарба каттоосун өз учурунда, сапаттуу даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-майындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
К.Жумалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп…Постановление · 22.04.2020 · № 212
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 10 мая 2001 года №226 " О внесении изменения и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 7 июля 1998 года N 437 "О…Постановление · 10.05.2001 · № 226
- Постановление Правительства КР от 26 мая 1999 года №287 "О внесении изменений в состав Республиканской комиссии по подготовке и проведению в 2002 году на территории Кыргызской…Постановление · 26.05.1999 · № 287 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- О сельскохозяйственной переписиЗакон · 29.09.2000 · № 80 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.