# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 01-7/21 " Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Унаа” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 01-7/21 " Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Унаа” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/21
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041689>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52154/edition/48280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041689.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 01-7/21 " Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Унаа” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө " токтому (26.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041689

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-декабры № 01-7/21 Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Унаа” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 65-беренесине ылайык, аймактын жүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш-аракеттерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, транспорттук тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу “Унаа” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.

2. “Унаа” муниципалдык ишканасын ачууга тиешелүү документтештирүү иштери андан ары жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.

Төрага

М.Дж. Долоталиев
