# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин 2000-жылдын 25-апрелинде Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда айтылган милдеттерди аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин 2000-жылдын 25-апрелинде Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда айтылган милдеттерди аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041657>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52126/edition/48247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041657.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин 2000-жылдын 25-апрелинде Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда айтылган милдеттерди аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041657

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 6-июну № 319

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин 2000-жылдын 25-апрелинде Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда айтылган милдеттерди аткаруу боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-августундагы № 471 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда коюлган милдеттерди турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда коюлган милдеттерди аткаруу боюнча тиркелген Иш-чаралар бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу:

- Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине Кайрылуусунда коюлган милдеттерди аткаруу боюнча Иш-чараларды турмушка ашыруу үчүн максатка багытталган туруктуу иш жүргүзүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына Иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын башкармалары менен бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

А.Муралиев
