Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын “09” февралы № 52/XVI – 3 «Панфилов районунун прокуратурасына жаңы административдик имарат курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын “09” февралы № 52/XVI – 3
Панфилов районунун прокуратурасына жаңы административдик имарат курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2 – июнундагы № 45 “Жер кодексинин” 14 – беренесинин, 25 – беренесинсин 2-пунктунун, 32-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын № 03-6/385 - катынын негизинде Панфилов районунун прокуратурасына жаңы административдик имаратын куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө», Кайыңды шаарынын мэриясынын кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Панфилов районунун прокуратурасына жаңы административдик имарат курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149