Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Буудай» мамлекеттик ишканасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу чаралары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 16-июну № 349
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Буудай" мамлекеттик ишканасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу чаралары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Кыргыз Агробизнес Компани долбоору" Кредиттик макулдашуусунун ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-июнундагы N 309 токтомун аткаруу, нан азыктарын өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик көзөмөлдү камсыздоого, Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын кредитин жана ал азыктарды сатуудан бюджетке башка төлөмдөрдү төгүүгө каражаттардын түшүшүн көбөйтүү үчүн зарыл шарт түзүүгө, республиканын ичиндеги рынокто сапаты начар продукциянын пайда болушуна бөгөт коюуга, ишканалар тармактарын сырье менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган иш чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду "Кыргыз-Дан-Азык" мурдагы мамлекеттик компаниясынын курамына кирген ишканалардын акцияларын мамлекеттик пакетин натыйжалуу башкарууну арттыруу жана рентабелдүү иштешин камсыз кылуу максатында аталган ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакеттин башкаруу укугун "Буудай" мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен бирдикте 1999-жылдын аралыгындагы жана "Буудай" мамлекеттик ишканасынын Усатавы бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эгинин сактоо үчүн "Буудай" мамлекеттик ишканасынын финансылык чыгымдарын компенсациялап берүү жөнүндө маселени 10 күндүк мөөнөттө чечсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна тиешелүү данды сактоого байланышкан "Буудай" мамлекеттик ишканасынын андан кийинки чыгымдарын ошол эгинди пайдалангандар төлөсүн.
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Кыргыз Агробизнес Комнани" ачык типтеги акционердик коомуна карата 1999-жылдын 14-декабрынан тартып бардык салыктык жана башка жеңилдиктердин колдонулушу токтотулгандыгы;
- Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 1999-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Агробизнес Компани" Кредиттик макулдашууну аткаруунун зарылдыгына байланыштуу "Буудай" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда брондон чыгарылган же карызга алынган эгиндин наркынан 10 проценттик үстөк төлөөдөн эки жылга бошотула тургандыгы.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигине караштуу дан эгиндери, ун-крупа азыктары жана аралаш тоют өнөр жайы боюнча мамлекеттик инспекция жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте атайын жумушчу комиссиясын түзсүн жана ушул жылдын 1-июлуна чейин чыгарылуучу продукцияны өндүрүүгө, алардын сапатына жана рынокто сапатсыз азыктардын пайда болушун болтурбоого контролдукту күчөтүү максатында юридикалык жактардын жана жеке адамдардын эсебин алсын.
8. "Кыргызэнерго" акционердик коому ишкерлерде орнотулган жана жеке электр эсептегичтердин бар экендигин толук текшерип, өндүрүштүк жана тиричилик муктаждыктарына электр кубаттуулугун керектөөгө көзөмөлдүктү күчөтсүн.
9. "Буудай" мамлекеттик ишканасынын иш аракетине байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-октябрындагы № 538 токтому менен бекитилген, "Буудай" мамлекеттик ишканасынын Уставына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 45-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын: "жогоруда саналган максаттарга чегерүүлөр пайданын 20 процентинен ашпоого тийиш".
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Муралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2004 года N 70 "О реорганизации государственного предприятия "Буудай"Постановление · 09.02.2004 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Устав государственного предприятия "Буудай" (Постановление Правительства КР от 5 октября 1999 года №538)Устав · 05.10.1999 · № 538 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 3 июня 1999 года N 309 "О мерах по реализации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским Банком Реконструкции и Развития…Постановление · 03.06.1999 · № 309
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2004 года N 70 "О реорганизации государственного предприятия "Буудай"Постановление · 09.02.2004 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 октября 1999 года №538 "О некоторых вопросах, связанных с деятельностью государственного предприятия "Буудай"Постановление · 05.10.1999 · № 538 · Күчүн жоготкон