Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасында кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштурууну ишке ашыруу тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-ноябры № 01-7/03
Кыргыз Республикасында кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштурууну ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындар (мындан ары-өкүлчүлүктүү жыйын) чакырылсын.
2. 2024-жылдын 7-декабрында ишемби күнү Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн имаратында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды ѳткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Убактылуу Жобосуна ылайык Курултайга делегаттардын чени 150 санында белгиленсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары жумушчу топ) курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемеси)
5. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын Жобосу №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын жыйындарды өткөрүү графиги жана айылдык кеңештин жооптуу депутаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айыл тургундарынын санына жараша жергиликтүү Курултайга делегаттардын саны төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Асылбаш – 23
- Төш-Булак - 16
- 1-Май айылы - 11 киши;
- Жакынкы Арал - 9 киши;
- Алыскы Арал - 8 киши;
- Сокулук - 83 киши.
8. Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынвн негизинде №2-тиркемеде бекитилген Жобонун 2.5. беренесинин негизинде иш алып барышсын.
- 2024-жылдын 4-5-декабрь күндөрү Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча өкүлчүлүктүү жыйындар өткөрүлсүн;
- жыйындардын өткөрүлүшү тууралуу айыл аймагынын калкына маалымдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн;
9. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштери Сары-Өзөн айыл ѳкмѳтүнө жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын өз кѳзѳмѳлүмө калтырам.
Төрага
М.Дж. Долоталиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.09.2024 · № 271 · Күчүн жоготкон