# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/09 "Ак Шоола” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/09 "Ак Шоола” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/09
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041578>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52051/edition/48162/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041578.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/09 "Ак Шоола” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041578

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-январы № 01-7/09

Ак Шоола” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинованын “Ак Шоола” бала бакчасынын ата-энелердин балдарынын тамак-ашына төлөмүн бекитүү керектиги тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, “Ак Шоола” бала бакчасынын ата-энелердин төлөмүнүн ставкасы жөнүндө протоколу жана директорунун кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” 2023-жылдын 11-августундагы №179 Мыйзамынын 26-беренесинин 7-п. жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ак Шоола” бала бакчасына тамак-аш үчүн акы төлөө нормасы төмөнкүдөй эсеп менен бекитилсин:

- ата-энелик төлөм 1 балага күнүнө 100 сом, анын ичинен 10 сому чарбалык муктаждыкка.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулиновага тапшырылсын.

Төрага

М.Дж. Долоталиев
