# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/07 "Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/07 "Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/07
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52047/edition/48155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/07 "Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041574

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-январы № 01-7/07

Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө» Указына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны пилоттук тартипте жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Указынын 4-пунктуна ылайык муниципалдык кызматчылардын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 1-тиркемеге ылайык бекитсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык техникалык жана тейлөөчү персоналдын (ТТП) эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 2-тиркемеге ылайык бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келишим негизинде иштеген кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 3-тиркемеге ылайык бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Үй-бүлөгө жана балдарга көмөк көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 4-тиркемеге ылайык бекитсин.

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы жана бюджеттик-пландоо комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

М.Дж. Долоталиев
