# Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “07” бугу айы № 175 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүү" токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “07” бугу айы № 175 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52023/edition/48124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “07” бугу айы № 175 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүү" токтому (07.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041552

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарынын Х чакырылышынын XXVI сессиясы

2024-жылдын “07” бугу айы № 175

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүү Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, Шопоков шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүнсүн:

- Орозбаева Жыпаргул Кожоназаровна Шопоков шаарынын Линейная к.№9 көчөсүнүн тургуну;

- Джолочиева Салкынбюбю Дөлөтбековна Шопоков шаарынын Зеленый ч/к №4 үйүнүн тургуну;

- Худойкулов Фарход Алмахматович Шопоков шаарынын Калинин к.№15 үйүнүн тургуну;

- Рысмендеева Римма Султанбековна Шопоков шаарынын Линейная к №8 үйүнүн тургуну.

2. Шопоков шаарынын мэриясына социалдык келишимдин негизинде, социалдык жардам алууга кошумча бир аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2024-жылдын аягына чейин 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаардык кеңешинин социалдык маселелер жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана токтомдун аткарылышы каржы-экономика секторунун башчысы Ф.Я.Какеновага жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

К.С.Джеенчороев
