# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/03 "Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/03 "Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/03
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52024/edition/48125/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/03 "Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041550

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-январы № 01-7/03

Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кенештин пландык-бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын отурумдарынын жыйынтыгын эске алуу менен, маалыматтарды угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сесиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылга карата объекттер жана бөлүктөр боюнча айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы алты айдын, тогуз айдын же бир жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү планынын жүрүшү же аткарылышы тууралуу маалыматы берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасы А.Джазымкуловго тапшырылсын.

Төрага

М.Дж. Долоталиев
