Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 марта 2026 года № 131 "О завершении временной национальной кампании по бесплатной замене водительских удостоверений"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-31.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 131 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 22-январы № 6
Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор төмөнкүлөрдү өткөрсүн:
– 2026-жылдын 15-январынан тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан улуттук өнөктүктүн аяктагандыгы жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин мурда алардын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү белгиленген үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү (мындан ары – улуттук өнөктүк);
– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда өткөрүлүп жаткан улуттук өнөктүк жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин.
2. Улуттук өнөктүк өткөрүлүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти (083 формасы) берүү талап кылынбайт деп белгиленсин.
3. Ушул Жарлык менен каралган иш-чаралар тиешелүү мамлекеттик жана башка уюмдар тарабынан алардын компетенциясынын жана бекитилген финансылык пландарынын чегинде, республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды тартпастан ишке ашырылат деп аныкталсын, ошол эле учурда:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү жана каттоону өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси улуттук өнөктүктүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүүнү өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
– “Учкун” ачык акционердик коомуна айдоочулук күбөлүктөрдү өзүнүн каражаттарынын эсебинен даярдоону жүзөгө ашыруу;
– “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна айдоочулук күбөлүктөрдү өзүнүн каражаттарынын эсебинен жеткирүүнү камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан алмаштырылган учурда:
– улуттук өнөктүк өткөрүлүп жаткан мезгилде чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу медициналык мекемелери тарабынан берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти берүү талабын алып салуу жөнүндө маселени карап чыксын;
– консулдук жыйымдарды алууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук жыйымдар жөнүндө” токтому менен белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө камсыз кылсын.
6. Мурда колдонуу мөөнөтүн көрсөтпөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөр улуттук өнөктүктүн алкагында алмаштырылган учурдан тартып күчүн жоготту деп табылат жана андан ары колдонулууга тийиш эмес деп белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык 2026-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 131 "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2026 · № 131
- Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктадыУказ · 31.03.2026
- Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук кампания жүргүзүлүүдөУказ · 22.01.2026
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 131 "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2026 · № 131