# Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №128 "Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №128 "Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51979/edition/48069/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №128 "Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө" токтому (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041489

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2026-жылдын 10-февралы № 128

Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомуна ылайык, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 2-февралындагы №44 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде, айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринин ичинен “Жайыт” түрүнөн, айыл чарба мамлекеттик фонду жерлерин“Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер” түрүнө которулган жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтү 20 жылга чейин болуп бекитилсин.

2. Жер тилкелерин ижарага берүү ачык конкурс (аукцион) аркылуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Жерди максатсыз пайдаланууга, субижарага берүүгө, ошондой эле жердин сапатын начарлатууга жол берилбесин.

4. Токтомдун негизинде ижара келишимдерин түзүү, каттоо жана алардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.

5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров
