# Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №127 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №127 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51978/edition/48066/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 10-февралындагы №127 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041487

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2026-жылдын 10-февралы № 127

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 2-февралындагы №43 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган, Айгүл-Таш айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске

алуу менен Айгүл-Таш айылынын башкы планы бекитилсин.

2. Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-

Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн

suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик

реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик

маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров
