# Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 152 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 152 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51960/edition/48044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 152 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041468

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарынын Х чакырылышынын XXV сессиясы

2024-жылдын “30” үчтүн айы № 152

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” № 385 токтомунун негизинде, Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1. Шопоков шаарындагы жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандыруу максатында, 4 үй-бүлөгө 100 000 (жүз миң) сомдон, жалпысынан 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражатын бөлүү боюнча маселени Шопоков шаардык кеңешинин социалдык суроолор боюнча комиссиясынын кароосунан өткөндөн кийин, комиссиянын чечими жакынкы сессияда каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын cоциалдык кызматкерлерине жана шаардык кеңешинин социалдык суроолор боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.И.Назаров
