# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралы № 112 "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жана гуманитардык ташуулар же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн пайдаланылуучу темир жол транспортунун (аскердик транспорт, эшелондор) айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралы № 112 "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жана гуманитардык ташуулар же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн пайдаланылуучу темир жол транспортунун (аскердик транспорт, эшелондор) айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51961/edition/48041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралы № 112 "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жана гуманитардык ташуулар же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн пайдаланылуучу темир жол транспортунун (аскердик транспорт, эшелондор) айрым маселелери жөнүндө" токтому (18.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041467

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-февралы № 112

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жана гуманитардык ташуулар же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн пайдаланылуучу темир жол транспортунун (аскердик транспорт, эшелондор) айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жана гуманитардык ташуулар же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик темир жол транспорту (эшелондор), чет өлкөлүк темир жол транспорту вагондордун токтоп турушу, жүктөрдү сактоо үчүн акы төлөөдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы тарабынан алынуучу бардык жыйымдарды жана айып пулдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аскердик ташууларды пландоодо 10 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына ташуунун максатын, аскердик транспорттун (эшелондордун) тибин, жүктөө жана түшүрүү пункттарын көрсөтүү менен маалымат жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аскердик ташууларды вагондордун токтоп турушу, жүктөрдү сактоо үчүн акы төлөөдөн, ошондой эле бардык жыйымдарды жана айып пулдарды төлөөдөн бошотсун.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
