# Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 151 "Социалдык маселелерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 151 "Социалдык маселелерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51958/edition/48040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 151 "Социалдык маселелерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041465

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарынын Х чакырылышынын XXV сессиясы

2024-жылдын “30” үчтүн айы № 151

Социалдык маселелерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине (материалдык жардам) ылайык кайрылган жарандарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын протоколуна ылайык аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажыраган балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү үчүн бардык берилген медициналык документтери менен акча каражатын бөлүп берүү 3 000 сомдон 30 000 сомго чейин акча каражатын бөлүштүрүү Шопоков шаарынын мэриясына, 30 000 сомдон ашык каражат Шопоков шаардык кеңешинин сессиясында каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын cоциалдык кызматкерлерине жүктөлсүн.

Төрага

С.И.Назаров
