Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын “30” үчтүн айы № 151 «Социалдык маселелерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарынын Х чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын “30” үчтүн айы № 151
Социалдык маселелерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине (материалдык жардам) ылайык кайрылган жарандарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын протоколуна ылайык аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажыраган балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү үчүн бардык берилген медициналык документтери менен акча каражатын бөлүп берүү 3 000 сомдон 30 000 сомго чейин акча каражатын бөлүштүрүү Шопоков шаарынын мэриясына, 30 000 сомдон ашык каражат Шопоков шаардык кеңешинин сессиясында каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын cоциалдык кызматкерлерине жүктөлсүн.
Төрага
С.И.Назаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111