Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Турак эмес жайды жанаша жайгашкан жер тилкеси менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-декабры № 1112-т
Калктын жашоо сапатын жакшыртуу, балдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте балдарга жана улгайган адамдарга кызматтарды көрсөтүү боюнча социалдык объектти долбоорлоо жана куруу үчүн Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 6/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-02-02-0036-0055 турак эмес жайды аянты 0,4 га болгон жанаша жайгашкан жер тилкеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;
3) балдарга жана улгайган адамдарга кызматтарды көрсөтүү боюнча социалдык объектти долбоорлоону жана курууну жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;
4) жогоруда аталган объектти андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
5) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда аталган объектти белгиленген тартипте кайра каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлунун № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2024 · № 405