# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 1171-т (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча биринчи иш-чара боюнча субгрант жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 1171-т (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча биринчи иш-чара боюнча субгрант жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1171-т
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51932/edition/48006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 1171-т (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча биринчи иш-чара боюнча субгрант жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041433

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 30-декабры № 1171-т Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору боюнча биринчи иш-чара боюнча субгрант жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
