Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо (Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 127 токтомуна)
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукционду (мындан ары – электрондук аукцион) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
аффилирленген жак – тике же кыйыр түрдө чечимдерди аныктоого же ушул жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчүнө таасир этүүгө укуктуу болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жактар (берилген ыйгарым укуктардын алкагында алардын ишине контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле аларга карата бул аффилирленген жак ушундай укукка ээ болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жактар. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) да таанылат; кепилдик төгүм – электрондук аукционго коюлуучу жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынан 10 (он) эсе көп, бирок 100 000 (жүз миң) АКШ долларынан көп эмес жана 1000 (бир миң) АКШ долларынан аз эмес, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептелген, электрондук аукционго катышуу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы – төгүм төлөнгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кыргыз сомдору. Төлөөгө акыркы сумма сом менен көрсөтүлөт, ошондой эле төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана жүргүзүлөт; БИС (Бирдиктүү идентификациялоо системасы) – бул мамлекеттик жана башка электрондук кызматтарды алуу үчүн кайрылган жарандын инсандыгын так аныктоого арналган борборлоштурулган система. БИСтин жардамы менен колдонуучуларды Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасында, ошондой эле башка мамлекеттик жана интеграцияланган системаларда авторлоштуруу ишке ашырылат; өтүнмө ээси – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак, ошондой эле чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасында филиалы (өкүлчүлүгү) жок чет өлкөлүк юридикалык жак (мындан ары
– резидент эмес);
маалыматтык билдирүү – маалыматтык системалардын иштөө процессинде берилүүчү логикалык жактан бириктирилген маалыматтардын жыйындысы, ошондой эле электрондук аукциондун расмий порталындагы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине шилтеме; жеке кабинет – электрондук аукциондун расмий порталындагы катышуучунун автоматташтырылган жумуш орду; электрондук аукциондун расмий порталынын жабык бөлүгү – маалыматтык системанын электрондук аукциондун расмий порталынын катталган катышуучуларына гана жеткиликтүү болгон бөлүгү; электрондук аукциондун расмий порталынын ачык бөлүгү
– маалыматтык системанын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү, анда иштөө үчүн расмий порталдын системасында катталуу талап кылынбайт;
жер казынасынын объекттери – Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын геологиялык изилдөөгө жана/же иштетүүгө багытталган пайдалуу кен чыккан жерлер же жер казынасынын участоктору;
электрондук аукциондун расмий порталы – электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган, катталган катышуучуларга аукционго аралыктан, жеке катышуусуз катышууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берген маалыматтык система; электрондук аукциондун объектинин акыркы ставкасы
– электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган жана жер казынасынын объекти боюнча эң жогорку болуп эсептелген ставка;
электрондук аукциондун уюштуруучусу – жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; жеңүүчү – жер казынасынын объектине эң жогорку бааны сунуштаган жана ушул Жободо белгиленген тартипте жеңүүчү деп табылган катышуучу; электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол – электрондук аукциондун расмий порталы тарабынан түзүлгөн, электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшүн белгилөөчү электрондук тескөөчү документ; электрондук аукциондун расмий порталында каттоо
– техникалык оператор тарабынан ишке ашырылуучу, катышуучулардын электрондук аукциондун расмий порталына (жеке кабинетке) кирүү мүмкүнчүлүгү;
техникалык оператор – техникалык операторду тандоо
жол-жобосун өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталуучу, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен техникалык оператордун функцияларын аткаруу жөнүндө келишим түзгөн жана электрондук аукциондун расмий порталынын иштөөсүн камсыз кылуучу юридикалык жак;
электрондук аукционго катышуу үчүн жыйым – электрондук аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынын 1 (бир) пайызы өлчөмүндө аныкталган, бирок 100 (жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы; электрондук аукциондун объектинин старттык ставкасы
– бонустун суммасына (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркына барабар болгон, жер казынасынын объекти үчүн аукциондун баштапкы баасы;
катышуучу – электрондук аукционго катышуу үчүн электрондук аукциондун расмий порталында белгиленген тартипте катталган өтүнмө ээси; электрондук аукциондун кадамы – электрондук аукциондун жүрүшүндө катышуучу жер казынасынын объектинин баасын жогорулата ала турган ставканы көбөйтүүнүн минималдуу жол берилген суммасы; электрондук аукцион – жер казынасынын объекти үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн адамга жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ыкмасы (формасы); жер казынасынын аукциондук участокторунун реестри
– электрондук аукцион аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн арналган, электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан түзүлүүчү жана жыл сайын бекитилүүчү жер казынасынын участокторунун тизмеги;
электрондук документ – электрондук техникалык каражаттардын жардамы менен даярдоо, жөнөтүү, алуу же сактоо үчүн магниттик дискте, магниттик лентада, лазердик дискте жана башка электрондук материалдык алып жүрүүчүдө белгиленген маалыматтарды берүүнүн формасы; өтүнмөлөрдү кабыл алуунун электрондук журналы
– электрондук форматтагы өтүнмөлөрдү эсепке алуу боюнча программалык-аппараттык каражат;
электрондук санариптик колтамга (ЭСК) – санариптик формадагы башка маалыматка бириктирилген жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан, санариптик документтин өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуу үчүн жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулуучу санариптик формадагы маалымат; санариптик документ – анын өзгөрүлбөстүгү санариптик колтамганы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган идентификациялоо системасынын эрежелерине ылайык колдонулуучу идентификаторду пайдалануу менен камсыздалган санариптик жазуу.
2-глава. Электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү
3. Катышуучулардын, уюштуруучу менен техникалык оператордун ортосундагы документ жүгүртүү электрондук документтерди, кагаз жүзүндөгү документтерди сканерлөө аркылуу электрондук-санариптик формага өзгөртүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүн жана ЭСК аркылуу кол коюлган документтерди пайдалануу менен электрондук аукциондун расмий порталы (мындан ары – расмий портал) аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Электрондук аукцион өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүү, реестри электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан түзүлүүчү жана жыл сайын бекитилүүчү жер казынасынын участоктору боюнча жүргүзүлөт.
Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилбеген жер казынасынын участогуна өтүнмө келип түшкөн учурда электрондук аукцион өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүү ал реестрге киргизилгенден кийин ишке ашырылат.
5. Жер казынасынын участогун аукциондук участоктордун реестрине киргизүү жөнүндө өтүнмө жеке же юридикалык жак тарабынан электрондук аукциондун уюштуруучусуна жазуу жүзүндө берилет.
Өтүнмөнү кароо мөөнөтү ал электрондук аукциондун уюштуруучусуна келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндү түзөт. Өтүнмөнү кароодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
– жер казынасынын суралып жаткан участогу башка лицензиялык аянттын чек арасына толугу менен же жарым-жартылай дал келсе;
– жер казынасынын суралып жаткан участогу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участогунун чек арасына толугу менен же жарым-жартылай дал келсе.
6. Жер казынасынын участогун жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизүүдө электрондук аукциондун бардык катышуучулары мындай участокко карата тең укуктарга ээ болушат.
Жер казынасынын участогун жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизүүнү демилгелеген өтүнмө ээсине электрондук аукционго катышууда кандайдыр бир артыкчылыктар берилбейт.
7. Электрондук аукциондун уюштуруучусу жер казынасын пайдалануу укугуна электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү байланышкан электрондук документтердин талап кылынгандай сакталышын камсыз кылат.
8. Электрондук аукционду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу жагын камсыз кылуу электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан тараптар макулдашкан мөөнөттө, бирок жер казынасынын объекти үчүн толук сумма төлөнгөндөн кийин 6 айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Жер казынасын пайдалануу укугу продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун шарттарында берилген учурда, макулдашуу электрондук аукциондун жеңүүчүсү менен «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте, тараптар макулдашкан мөөнөттөрдө, бирок электрондук аукциондун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен түзүлөт. Лицензия «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте макулдашууга кол коюлгандан кийин, макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнө берилет.
10. Электрондук аукциондун уюштуруучусуна, техникалык операторуна, ошондой эле техникалык оператор менен аффилирленген жактарга электрондук аукциондун катышуучусу катары чыгууга тыюу салынат.
11. Электрондук аукциондун уюштуруучусу бир электрондук аукционго жер казынасынын бир нече объектин коюуга укуктуу. Мында жер казынасынын ар бир объекти өзүнчө лот түрүндө таризделет жана ага жеке номер берилет, ал номер боюнча аукциондорго катышуу жана аукциондун жыйынтыктарын андан ары тариздөө ишке ашырылат.
12. Электрондук аукциондун уюштуруучусунун чечими боюнча электрондук аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу, катышуучу өзүнүн аукциондук өтүнмөсүн аукционду өткөрүү башталганга чейин
3 жумуш күндөн кечиктирбестен кайра кайтарып алуу, ушул Жободо каралган негиздер боюнча өтүнмө ээсин электрондук аукционго катышууга киргизүүдөн баш тартуу учурларын кошпогондо, электрондук аукционго катышуу үчүн жыйым кайра кайтарылбайт.
Ушул пунктта каралган учурларда, жыйым кайтарып берүү үчүн тиешелүү негиздер келип чыккан (кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынган) күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнмө ээсине кайтарып берилүүгө тийиш.
13. Электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан кабыл алынган электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө чечим (мындан ары – электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө буйрук) электрондук аукционду өткөрүү үчүн негиз болуп саналат, ал жер казынасынын объектин электрондук аукционго коюунун шарттарын карайт.
14. Электрондук аукциондун шарттары жер казынасын пайдалануунун түрүнө, жер казынасынын объектин изилдөө деңгээлине жана жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка факторлорго жараша төмөнкүлөрдү камтыйт:
– жер казынасынын объекти жөнүндө жалпы маалыматтарды;
– жер казынасынын объектинин геологиялык мүнөздөмөсүн;
– жер казынасынын объектин пайдаланууга карата негизги талаптарды;
– электрондук аукциондун объектинин старттык ставкасын;
– электрондук аукционго катышуу үчүн жыйымдын жана кепилдик төгүмүнүн өлчөмдөрүн, ошондой эле аларды төлөө үчүн төлөм реквизиттерин;
– электрондук аукциондун кадамын;
– электрондук аукциондорду өткөрүү үчүн, ошондой эле аукциондордо жасалган бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алымдардын өлчөмдөрүн.
15. Расмий порталда катышуучулардын катталуусу, ошондой эле квалификациялуу ЭСКнын болушу электрондук аукционго катышуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
16. Электрондук аукциондун уюштуруучусу жеке кабинет аркылуу электрондук аукционду өткөрүүнүн убактысын жана күнүн жайгаштырат.
17. Электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү электрондук аукциондун уюштуруучусунун расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында аны өткөрүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
Эгерде электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө башкача каралбаса, электрондук аукциондун уюштуруучусу ушул Жобонун 83-пунктунда аныкталган учурларда электрондук аукционду өткөрүүнү токтото алат.
18. Электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
– объекттин аталышы, жайгашкан жери, пайдалуу кендин түрү жана жер казынасын пайдалануунун түрү;
– жер казынасынын объектинин аянты жана запастары;
– электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу күнү, убактысы;
– электрондук аукционду өткөрүү тартиби жөнүндө маалымат;
– электрондук аукционго катышуу үчүн өтүнмө ээси тарабынан берилген документтердин тизмеси;
– жер казынасынын объектинин старттык ставкасы;
– өткөрүлүүчү электрондук аукцион жана жер казынасынын объекти жөнүндө материалдарды жана маалыматты ала турган телефон номери, электрондук дарек жана сайттын аталышы.
19. Электрондук аукционго катышууну каалаган адам расмий порталында каттоодон өтөт. Каттоо процессинде өтүнмө ээси ушул Жобонун 80-пунктунда каралган жоопкерчилик жөнүндө маалыматтык билдирүү менен таанышат.
20. Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн юридикалык жак катары өтүнмө ээси электрондук аукционго катышуу үчүн расмий порталдын ачык бөлүгүндө «Түндүк» бирдиктүү маалыматтык системасын пайдалануу менен, анын электрондук формасын толтуруу аркылуу өтүнмө берет.
21. Резидент эместер расмий порталда атайын электрондук форманы толтуруу жолу менен аутентификациялоо системасынын элементтерин (логин жана пароль) алууга алдын ала суроо-талап жөнөтөт, мында паспорттун (идентификациялык документтин) көчүрмөсү, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруу документтери (юридикалык жак катышкан учурда) тиркелет.
22. Электрондук аукциондун уюштуруучусу суроо-талапты жана тиркелген документтерди үч жумуш күнгө чейинки мөөнөттө карап чыгат жана логин менен паролду берет же жүйөлүү баш тартуу жөнөтөт.
Баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) документтердин толук эмес пакетин берүү;
2) анык эмес же бурмаланган маалыматтарды берүү;
3) катышуучунун инсандыгын же юридикалык жактын укуктук статусун тастыктабаган документтерди берүү.
23. Логин менен паролду алгандан кийин резидент эмес расмий порталдын ачык бөлүгүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган электрондук форманы толтуруу аркылуу каттоодон өтөт:
1) катышуучунун аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы;
2) катышуучунун инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ же юридикалык жактын укукту белгилөөчү документи;
3) байланыш телефону;
4) электрондук почта дареги;
5) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугу;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бенефициарлар жөнүндө маалымат (маалыматтар).
24. Квалификацияланган ЭСК менен кол коюлган өтүнмө расмий порталдын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган электрондук форманы толтуруу аркылуу берилет.
25. Өтүнмөгө ылайык резидент эместерди кошпогондо система автоматтык түрдө «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу төмөнкү маалыматтарды түзөт:
– өтүнмө ээсинин салыктык карызынын жоктугун ырастаган документ;
– өтүнмө ээсинин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде тиешелүү каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документ;
– өтүнмө ээсинин кадастр органдарында тиешелүү каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документ;
– ошондой эле мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган башка маанилүү маалыматтар.
26. Өтүнмө берүү жана каттоо жол-жобосун аяктоо өтүнмө ээсинин электрондук аукциондун бардык шарттары менен толук макулдугу катары каралат.
27. Расмий порталдын системасы тарабынан электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү жарыяланган күндөн тартып өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган учурга чейин электрондук аукционго катышуу үчүн электрондук өтүнмөнү толтурган өтүнмө ээлерине кирүүгө уруксат берилет.
Мында электрондук аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуунун аяктоо күнү жана убактысы шарттары менен бирге расмий порталда жайгаштырылган маалыматтык билдирүүдө чагылдырылат.
28. Бир эле адам электрондук аукционго катышууга бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу. Ошол эле учурда мурда берилген өтүнмөнү кайтарып алуу өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин жаңы өтүнмөнү кайрадан берүү үчүн тоскоол болуп саналбайт.
29. Өтүнмө ээси (аукцион башталганга чейин) расмий порталдагы жеке кабинетинде өтүнмөнү кайтарып алууга укуктуу.
30. Өтүнмө ээси ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнмөнү кайтарып алган учурда, кайтарып алуу жөнүндө кабарлама электрондук аукциондун уюштуруучусунун жеке кабинетине келип түшөт, бул жөнүндө өтүнмө ээсине тиешелүү кабарлама жиберилет.
31. Электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоо расмий портал аркылуу жүргүзүлөт.
32. Расмий порталдын системасы тарабынан берилген өтүнмөлөр электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү каттоонун электрондук журналында форма боюнча каттоо номерин, келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен катталат.
33. Электрондук аукционго катышуу үчүн каттоонун белгиленген жол-жобосунан өтпөгөн, ошондой эле кепилдик төгүмдү жана катышуу үчүн жыйымды төлөө аркылуу өзүнүн катышуусун ырастабаган катышуучуга электрондук аукционго катышууга жол берилбейт.
34. Электрондук аукционго катышууга катышуучулардын кепилдик төгүмүн которуу электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө шарттарда көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
35. Электрондук аукцион маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытта өткөрүлөт.
36. Электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү расмий порталдын электрондук журналында белгиленет.
37. Расмий порталда электрондук документтерди түзүү, алуу жана жөнөтүү убактысы, ошондой эле лицензия алуу
жол-жобосун жүргүзүү убактысы жергиликтүү убакытка шайкеш келүүгө тийиш.
38. Электрондук аукциондун кадамы электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан жер казынасынын объектинин баштапкы баасынын ондон кем эмес пайызын түзгөн суммада белгиленет жана электрондук аукциондун жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн, бул жөнүндө катышуучуларга аукцион башталганга чейин тиешелүү маалыматтык билдирүү менен кабарланат.
39. Электрондук аукциондун объектинин старттык ставкасы жана электрондук аукциондун кадамынын өлчөмү электрондук аукциондун уюштуруучусу тарабынан аныкталат жана электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө шарттарда көрсөтүлөт.
3-глава. Электрондук аукционду даярдоодо жана өткөрүүдө
жер участокторунун укуктук статусун текшерүү
40. Электрондук аукционго коюлган жер казынасынын участогун аныктоодо электрондук аукциондун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер казынасынын объекти жайгашкан жер участокторунун укуктук статусун текшерүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
41. Жер казынасынын участогун аукционго жайгаштырууга жердин укуктук режими, анын категориясы, менчик ээси же колдонуучусу жөнүндө ырасталган маалымат болгондо, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө тоскоолдук кылган
талаш-тартыштар жана чектөөлөр жок болгон учурда гана жол берилет.
42. Эгерде жер казынасынын болжолдонгон объектинин аймагында жеке менчиктеги, ижарадагы же өмүр бою мураска калтырылуучу ээликтеги жер участоктору, ошондой эле статусу жөнгө салынбаган же талаш-тартыштуу участоктор жайгашса, электрондук аукциондун уюштуруучусу аукцион жарыяланганга чейин жер мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алууга жана жер маселелерин алдын ала жөнгө салууну камсыз кылууга милдеттүү.
43. Жер-кадастрдык текшерүүнүн натыйжалары расмий порталдын ачык бөлүгүнө жайгаштырылган материалдардын милдеттүү тиркемеси болуп саналат.
4-глава. Электрондук аукционду өткөрүү тартиби
44. Электрондук аукцион расмий порталды колдонуу менен өткөрүлөт.
45 Расмий портал электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин 3 жумуш күндө электрондук аукциондун катышуучуларынын тизмесин түзөт.
46. Электрондук аукционго катышуу үчүн расмий портал ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык өтүнмөлөрдү кабыл алат.
47. Электрондук аукционго катышууга уруксат берилген жана уруксат берилбеген өтүнмө ээлерине аукционду өткөрүү датасына чейин бир жумуш күндөн кечиктирбестен расмий портал аркылуу тиешелүү чечимдер жөнүндө кабарланат.
48. Биринчи электрондук аукционго катышууга кабыл алынган, катталган жалгыз катышуучу биринчи аукцион өткөн жок деп таанылган учурда, кайрадан өтүнмө берүүнүн, кепилдик төгүмдү жана катышуу үчүн жыйымды төлөө зарылчылыгы болбостон кайрадан электрондук аукционго катышууга уруксат берилди деп автоматтык түрдө таанылат.
49. Расмий порталда катышууга уруксат берилген экиден кем эмес катышуучу болгон учурда электрондук аукцион өткөрүлөт.
50. Каттоо аяктагандан кийин катышуучулар расмий порталга шилтеме боюнча кабарлама аркылуу чакырылат, аукцион башталганга чейин катышуучулар электрондук аукционду өткөрүүнүн шарттарына толук макулдук берет жана электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет.
51. Электрондук аукцион расмий порталдын алгоритми аркылуу өткөрүлөт.
52. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосу башталган учурда расмий порталга төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) расмий порталдын ачык бөлүгүндө – жер казынасынын объектинин аталышын, баштапкы баасын жана учурдагы «аукциондун кадамын» көрсөтүү менен электрондук аукционду өткөрүү
жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө маалымат;
2) расмий порталдын жабык бөлүгүндө жер казынасынын объектинин старттык баасы жөнүндө сунуштар, алардын келип түшкөн убактысы, жер казынасынын объектинин старттык баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алууну аяктаганга чейин калган убакыт көрсөтүлөт.
53. Расмий порталдын алгоритми аркылуу төмөнкүлөр камсыз кылынат:
1) катышуучунун аукциондун кадамынын белгиленген чоңдугуна учурдагы баанын минималдуу жогорулашы боюнча талаптарга шайкеш келбеген баа сунушун берүү мүмкүнчүлүгүн жоюу;
2) эгер мурда башка катышуучу тарабынан ушул сыяктуу сунуштун берилгендигине байланыштуу бул катышуучунун объекттин баасы жөнүндө сунушун кабыл алууга мүмкүн болбогон учурда катышуучуга кабарлоо.
54. Электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү жер казынасынын объекти боюнча сунуштарды кабыл алуу аяктаган учурдан тартып расмий порталдын алгоритми менен белгиленет. Белгиленген маалыматтардын негизинде аукциондун жыйынтыктарын көрсөткөн электрондук аукциондун натыйжаларын жөнүндө протокол түзүлөт.
55. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна электрондук аукцион ачык формада өткөрүлөт, аукциондун кадамынын чоңдугу электрондук аукциондун объектинин старттык ставкасынан он пайыз өлчөмүндө белгиленет.
56. Электрондук аукциондун жүрүшүндө катышуучу аукциондун белгиленген кадамынан ашкан бааны сунуштоого укуктуу, мындай жогорулатуунун өлчөмү чектелбейт.
57. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукцион расмий порталда жер казынасынын объектинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, жер казынасынын объектин пайдаланууга негизги талаптарды, жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүү тартибин жана жер казынасын пайдалануу укугуна старттык ставканы жана аукциондун кадамын көрсөтүү менен башталат.
58. Расмий порталдын алгоритми таблого жер казынасынын объектинин старттык ставкасын чыгарат жана убакытты эсептөө башталат.
59. Ставка жогорулаган учурда расмий порталдын алгоритми электрондук аукциондун экранында белгиленген кадамдын өлчөмүнө шайкеш келген же андан ашкан жаңы ставканы сунуштаган катышуучунун каттоо номерин көрсөтөт. Бир эле суммага келип түшкөн бир нече сунуш болгондо, алгоритм порталдын системалык убакыт белгисине ылайык убакыт боюнча ставканы биринчи берген катышуучунун каттоо номерин белгилейт жана көрсөтөт.
60. Расмий порталдын таблосунда бир кыйла жогорку ставканы сунуштаган катышуучунун каттоо номери көрсөтүлгөндөн кийин калган катышуучулар жаңы баа сунуштарын көрсөтүү менен электрондук аукционго катышууну улантууга укуктуу, мында жогорулатуунун өлчөмү чектелбейт.
61. Расмий порталдын алгоритми катышуучунун каттоо номерин көрсөтүү менен ставканын ар бир көтөрүлүшүн белгилейт.
62. Эгерде алгоритм 2 мүнөт убакыт аралыгы менен кезектеги ставканы үч жолу көрсөткөндөн кийин аукциондун катышуучуларынын бири дагы ставканы көтөрбөсө, электрондук аукцион аяктады деп таанылат.
63. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн бир кыйла жогорку бааны сунуштаган катышуучу электрондук аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
64. Электрондук аукциондун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү жер казынасынын объекти үчүн төлөө эсебине эсептелет. Электрондук аукциондун объектинин акыркы баасы төлөнбөгөн учурда кепилдик төгүм кайтарылбайт жана электрондук аукциондун уюштуруучусунун атайын эсебине чегерилет.
65. Эгерде расмий порталдын алгоритми старттык ставканы көрсөткөндөн жана 2 мүнөт убакыт аралыгы менен бул маани үч жолу көрсөтүлгөндөн кийин аукциондун катышуучуларынын бири дагы ставканы көтөрбөсө, аукцион токтотулат жана өткөн жок деп таанылат. Ошол эле учурда расмий портал өтпөгөн электрондук аукцион жөнүндө протоколду автоматтык түрдө түзөт, ал электрондук аукциондун расмий порталынын ачык бөлүгүндө жарыяланат.
66. Бир сааттын ичинде жеңүүчүгө аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлама жиберилет, ошол эле учурда расмий порталдын ачык бөлүгүндө төмөнкүдөй маалымат жайгаштырылат:
1) жер казынасынын объектинин аталышы жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар (лоттун өзгөчөлүгү);
2) жер казынасынын объектинин наркы;
3) лицензия алуу жол-жобосу аяктагандан кийин жеңүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (жеке жактар үчүн) же юридикалык жактын аталышы көрсөтүлөт.
67. Электрондук аукцион аяктагандан кийин расмий порталда электрондук аукциондун объектинин старттык ставкасы, ставкалардын толук тарыхы жана техникалык оператор тарабынан ыйгарылган катышуучулардын жеке номерлери көрсөтүлөт.
68. Электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол расмий портал аркылуу электрондук аукциондун уюштуруучусуна, ошондой эле жер казынасынын объекти үчүн толук сумма төлөнгөндөн кийин жеңүүчүгө жиберилет.
69. Жеңүүчү деп таанылган жана эки жолу төлөөдөн баш тарткан катышуучу баш тарткан учурдан тартып бир жыл бою бардык электрондук аукциондорго катышуу укугунан ажырайт жана электрондук аукциондун ишенимсиз катышуучулардын тизмесине киргизилет.
70. Электрондук аукциондун жүрүшүндө расмий порталда катышуучулардын фамилиясы, аталышы, жайгашкан жери, ошондой эле башка идентификациялык маалыматтар көрсөтүлбөйт. Аукцион аяктаганга чейин конкреттүү катышуучуга кайсы конкреттүү сунуш таандык экендигин аныктоого мүмкүн болгон маалымат көрсөтүлбөйт. Катышуучунун башка сунуштарга салыштырмалуу учурдагы позициясын (мисалы, «алдыда», «экинчи орун», башка) көрсөтүүгө жол берилбейт.
71. Электрондук аукционду өткөрүүгө тоскоолдук кылган маалыматтык системанын, электр энергиясын берүүнүн бузулушу жана башка форс-мажордук жагдайлар болгон учурда, электрондук аукциондун уюштуруучусу көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен аны өткөрүүнүн жаңы датасын аныктайт.
72. Катышуучу электрондук аукционго катышуу үчүн зарыл болгон техникалык жабдууларды, туруктуу жана үзгүлтүксүз интернет байланышын өз алдынча камсыз кылат.
73. Электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукциондун маалыматтык системасында колдонуучулардын бардык иш-аракеттерин жана системада жүргүзүлгөн башка окуяларды каттоо (белгилөө) журналынын иштөөсүн камсыз кылат.
Белгилөө журналы өзүнчө сакталат, аны өзгөртүүдөн, алмаштыруудан же өчүрүүдөн коргоонун техникалык жана программалык каражаттары менен камсыз кылынат жана оңдоп-түзөлбөйт. Талаш-тартыш (чыр-чатак) жагдайлар келип чыккан учурда электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционду өткөрүүнүн иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө максатында белгилөө журналында белгиленген бардык иш-аракеттерди көрүү жана талдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
5-глава. Электрондук аукциондун натыйжаларын
тариздөө
74. Электрондук аукциондун натыйжалары электрондук аукцион аяктагандан кийин расмий портал тарабынан түзүлгөн протокол менен таризделет.
75. Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
– электрондук аукцион өткөрүлгөн жер казынасынын объектинин аталышы;
– аукциондун жеңүүчүсүнүн аты (аталышы), юридикалык жактын реквизиттери же жеке ишкердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары;
– жер казынасынын объектинин старттык ставкасы;
– катышуучунун номерин көрсөтүү менен электрондук аукциондун ар бир катышуучусунун бааларынын акыркы сунуштары;
– электрондук аукциондун натыйжалары боюнча белгиленген жер казынасынын объектинин ставкасынын акыркы өлчөмү;
– электрондук аукциондун өтпөгөндүгү жөнүндө маалыматтар (себептерин көрсөтүү менен).
76. Электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол электрондук аукцион өткөрүлгөн күнү түзүлөт жана квалификациялуу ЭСК аркылуу электрондук аукциондун катышуучулары тарабынан алдын ала кол коюлат.
77. Эгерде электрондук аукциондун жеңүүчүсү Электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып он беш жумуш күндүн ичинде жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна ал сунуштаган акыркы бааны төлөбөсө, бул жер казынасынын аталган объектин пайдалануу укугун алуудан баш тартуу катары каралат.
Мындай учурда техникалык оператор кайрадан аукционду өткөрүү датасын жарыялайт. Кийинки аукцион жеңүүчүнү баш тартты деп таанылган датадан тартып жыйырма жумуш күндөн кийин автоматтык түрдө өткөрүлөт.
78. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү Электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып он беш жумуш күндүн ичинде электрондук аукциондун уюштуруучусунун алыш-бериш эсебине жер казынасынын объекти үчүн толук сумманы төлөйт.
Жеңүүчү жер казынасынын объекти үчүн толук сумманы төлөгөндөн кийин жеңүүчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кийин берүү үчүн Электрондук аукциондун уюштуруучусунун бирдиктүү терезесине жиберилет.
79. Электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду алгандан кийин жеңүүчү деп таанылган резидент эмес отуз календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты түзүүгө же жеке ишкер катары каттоодон өтүүгө жана электрондук аукциондун уюштуруучусуна төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
– уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
– жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
– уюмдун аткаруу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
– эгерде адам өзүнүн өкүлү аркылуу иш жүргүзсө, өкүлгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бенефициарлар жөнүндө маалыматты (маалыматтарды).
80. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан бенефициарлар жөнүндө маалыматты (маалыматтарды) бербөө же анык эмес маалыматтарды берүү электрондук аукционду жокко чыгаруу жана кайрадан жарыялоо үчүн негиз болуп саналат. Ошол эле учурда жеңүүчүгө, ошондой эле ага байланышкан электрондук аукциондун башка катышуучуларына кепилдик төгүм кайтарылбайт.
81. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү төлөгөн кепилдик төлөм жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн акы төлөө эсебине эсептелет. Калган сумма электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан аукциондун шаттарында көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча беш жумуш күндүн ичинде төлөнөт. Төлөнгөн кепилдик төгүмүнүн суммасы электрондук аукциондун объектинин акыркы баасынан ашып кетсе, ашыкча сумма чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз банктык күндүн ичинде электрондук аукциондун катышуучусуна кайтарылууга тийиш.
82. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын жалпы суммасы электрондук аукциондун жеңүүчүсү тарабынан он беш банктык күндүн ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешесине кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементинин тиешелүү кодуна которулууга тийиш.
6-глава
Электрондук аукционду кийинкиге жылдыруу, электрондук аукционду жокко чыгаруу, электрондук аукционду жараксыз деп таануу
83. Электрондук аукционду белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө тоскоол болгон жагдайлар келип чыкса, электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционду өткөрүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Мындай жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
– ал жеткис жагдайлардын, ошондой эле мындай шарттарда өзгөчө жана алдын алуу мүмкүн болбогон жагдайлардын келип чыгышы;
– электрондук аукционду өткөрүүгө тоскоолдук кылган сот актысынын болушу.
84. Эгерде электрондук аукционду өткөрүү датасын кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл алынса, анда өтүнмөлөрдү берүүнүн жаңы мөөнөтү белгиленет.
Электрондук аукционду өткөрүү датасын кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин келип түшкөн өтүнмөлөр ушул Жободо белгиленген тартипте катталат жана каралат. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жөнүндө маалымдоо электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө берилген тартипте жана ыкмада жүргүзүлөт.
85. Эгерде электрондук аукционду өткөрүү датасын кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынса, анда өтүнмөлөрдү берүүнүн мурда белгиленген мөөнөтү өзгөрбөйт.
86. Электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган электрондук аукциондун уюштуруучусу электрондук аукционду өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
– электрондук аукционду өткөрүүгө даярдык көрүү процессинде мыйзамдардын талаптарынын бузулгандыгы аныкталган учурда электрондук аукционду өткөрүү датасына чейин үч күндөн кечиктирбестен;
– сот актыларынын негизинде же ал жеткис жагдайлардын натыйжасында электрондук аукцион өткөрүлгөн күнү.
87. Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна электрондук аукционду жокко чыгаруу жөнүндө чечим электрондук аукциондун уюштуруучусунун буйругу менен таризделет. Электрондук аукцион жокко чыгарылган учурда мурда берилген өтүнмөлөр жана төлөнгөн кепилдик төгүмдөр өтүнмө ээлерине кайтарылууга тийиш.
Жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна электрондук аукционду жокко чыгаруу жөнүндө буйрук расмий порталдын ачык бөлүгүнө жарыяланат.
88. Ушул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн электрондук аукцион эгерде бул бузуулар электрондук аукциондун натыйжаларына таасирин тийгизсе, кызыкдар адамдардын арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Электрондук аукционду жараксыз деп таануу электрондук аукциондо утуп алган адамдын жер казынасын пайдалануу укугун жараксыз деп таанууга алып келет.
89. Тараптардын ортосунда келип чыккан жана ушул Жободо жөнгө салынбаган талаш-тартыштар административдик тартипте же Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен чечилет.
90. Өткөрүлгөн электрондук аукциондордун бардык материалдары, анын ичинде бардык катышуучулардын өтүнмөлөрү жана алар тарабынан берилген документтер, аукционду өткөрүү датасына чейин кайтарып алынган өтүнмөлөр боюнча документтерди кошпогондо, аукциондун уюштуруучусу тарабынан үч жыл бою сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуЗакон · 10.04.2002 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 127 "Жер казынасын пайдалануу укугун алууга электрондук аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары…Постановление · 23.02.2026 · № 127