# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-январындагы № 21-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-январындагы № 21-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 21-т
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19692/edition/47748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22-январындагы № 21-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси (20.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2026-жылдын 22-январы № 21-т

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-февралындагы № 81-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси ММБР ВАМСты башкарууну жана модернизациялоону жүргүзсүн.";

2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:

- 2-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"маалымат системасынын оператору - маалымат системасын пайдалануу боюнча ишти, аны техникалык жана программалык коштоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси.";

- 6-пункттун үчүнчү абзацында "санариптештирүү, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 180-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
