# Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101-2 "Петровка айылында жерди чексиз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101-2 "Петровка айылында жерди чексиз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101-2
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51695/edition/47677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101-2 "Петровка айылында жерди чексиз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому (28.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041151

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XX сессиясы

2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101-2

Петровка айылында жерди чексиз пайдаланууга берүү жөнүндө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф.А. Хаджиевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 3-пунктунун 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык Петровка айылдык кенеши:

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. 2023-жылдын 6-мартындагы №27 шаар курулуш корутундусуна ылайык Петровка айылынын Лев –Толстой атындагы көчөсүндө номери жок (Льва-Толстой көч. № 4 жер тилкесинин түндүк тарабында) жалпы аянты 174.0 кв.м болгон жер тилкесин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануу укугу Петровка айыл өкмөтүнө берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалына жер участогун пайдалануу укугу жана күбөлөндүрүү жөнүндөгү иш кагаздарын даярдоо үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн башкы адис-жер куруучусу Н.Б. Замятина милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык, бул токтом 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва районунун филиалында катталууга тийиш.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

Төрага

У. Абдылдаев
