Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Петровка айылдык кеңешинин «Петровка айылында жерди чексиз пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XX сессиясы
2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101-2
Петровка айылында жерди чексиз пайдаланууга берүү жөнүндө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф.А. Хаджиевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 3-пунктунун 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. 2023-жылдын 6-мартындагы №27 шаар курулуш корутундусуна ылайык Петровка айылынын Лев –Толстой атындагы көчөсүндө номери жок (Льва-Толстой көч. № 4 жер тилкесинин түндүк тарабында) жалпы аянты 174.0 кв.м болгон жер тилкесин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануу укугу Петровка айыл өкмөтүнө берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалына жер участогун пайдалануу укугу жана күбөлөндүрүү жөнүндөгү иш кагаздарын даярдоо үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн башкы адис-жер куруучусу Н.Б. Замятина милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык, бул токтом 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва районунун филиалында катталууга тийиш.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага
У. Абдылдаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон