# Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 106-3 "Петровка айылында жерди оңдоо пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 106-3 "Петровка айылында жерди оңдоо пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106-3
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51682/edition/47664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 106-3 "Петровка айылында жерди оңдоо пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому (30.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041136

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXI сессиясы

2023-жылдын 30-майындагы № 106-3

Петровка айылында жерди оңдоо пайдаланууга берүү жөнүндө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А-дин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 1-пунктунун 44-беренесинин 1-пунктуна ылайык Петровка айылдык кенеши

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2023-жылдын 11-майындагы № 217-б буйругунун жана 2023-жылдын 11-майындагы № 217-кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде, Петровка айылындагы Фрунзе №23а көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 7318 кв.м жер тилкеси Петровка айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдалануу укугуна өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык, бул токтом 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва районунун филиалында катталууга тийиш.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

Төрага

У. Абдылдаев
