# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 178-VIII "Б.Ы. Сатылгановду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 178-VIII "Б.Ы. Сатылгановду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178-VIII
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16724/edition/47652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 178-VIII "Б.Ы. Сатылгановду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү тууралуу" токтому (18.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041122

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-февралы № 178-VIII

Б.Ы. Сатылгановду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Сатылганов Бакытбек Ыдырысович Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3187-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктта “Барыктабасова Эльмира Бектургановна” деген сөздөр “Сатылганов Бакытбек Ыдырысович” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
