# Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 79/XXIII-28 "Логвиненко айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 79/XXIII-28 "Логвиненко айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79/XXIII-28
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78977/edition/47597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041069.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 79/XXIII-28 "Логвиненко айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (27.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041069

---

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 29-мартындагы № 79/XXIII-28

Логвиненко айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын Уставын бекитүү жөнүндө Жергиликтүү калкты социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө тартуу, жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу жана көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21, 33-беренелерине ылайык,

Логвиненко айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Логвиненко айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссия жүктөлсүн.

Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
