# Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 78/XXIII-28 "Чоң-Далы айылындагы ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 78/XXIII-28 "Чоң-Далы айылындагы ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78/XXIII-28
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78976/edition/47595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Логвиненко айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 78/XXIII-28 "Чоң-Далы айылындагы ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу жөнүндө" токтому (29.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041068

---

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 29-мартындагы № 78/XXIII-28

Чоң-Далы айылындагы ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу жөнүндө Кыргыз Республмкасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-п.ылайык, Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын ФАПтын алдындагы жер тилкесин баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,

Логвиненко айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чон-Далы айылында Куренкеева көчөсүндө жайгашкан ФАПтын алдындагы жалпы аянты 300,00 ч.м. жер тилкеси муниципалдык менчикке алынып, Логвиненко айыл өкмөтүнүн балансына коюлушуна макулдук берилсин.

2. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Асанбековга:

- Чон-Далы Куренкеев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 300,00 ч.м. жер тилкесин Логвиненко айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан бекитилген мыйзам чегинде каттоо жүргузүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы А.А Асанбековга жүктөлсүн.

Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
