# Орозбеков айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 "Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орозбеков айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 "Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51633/edition/47579/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орозбеков айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 "Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041051

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2025-жылдын -10-октябры № 67 Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 8,10,11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18,34 жана 39-берелерине ылайык Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:

Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл аймагы, Ак-Кыя айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги идентификациялык коду 8-02-10-10012401 болгон Молдо Нияз акындын музей комплексинин имаратын жана жанаша жайгашкан курулмаларын тиешелүү материалдык-техникалык базасы менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен мамлекеттик менчикке өкөрүп берүүгө макулдук берилсин. Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчике өткөрүүгө байланыштуу иш кагаздарын тариздөө милдети Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Каримов
