# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230041020/edition/47539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041020

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-февралы № 75 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 895 "Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 "Ветеринария, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 7-пункту.

2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставын бекитсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 11 (3771) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
