# Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-апрели № 6/31 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-апрели № 6/31 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/31
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51557/edition/47490/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-апрели № 6/31 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (22.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040970

---

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

2025-жылдын 22-апрели № 6/31

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 28624,3 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 8587,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Камчибеков
