Беловодск айылдык кеңешинин «Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-майы № 127
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө Алмазова Үмүт Алмазовна жарандын 2023-жылдын 21-февралындагы, Беловодск а. Фрунзе көчөсүнүн №183 дарегинде жайгашкан короо участкасы унаа жуучу жай, вулканизация жана унаа тетиктер дүкөнү үчүн жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№ 17-2023 архитектуралык корутундусун жана жер багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт корутундусун) изилдеп. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. Жетекчиликке алып, Беловодск айылдык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беловодск айылынын Фрунзе № 183 дарегинде жайгашкан 2455,1 чарчы метр аянтындагы короо жер тилкеси унаа жуучу жай, вулканизация жана унаа тетиктер дүкөнү үчүн жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы токтомдун негизинде буюрманы бекитип берүүгө милдеттендирилсин.
3. У.А. Алмазова жараны Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 25- беренесине ылайык мамлекеттик мекеме “Кадастр” Москва филиалында 30 календардык күндүн ичинде тиешелүү иш-кагаздарды каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кайназаровго жүктѳлсүн.
Төрага
Т.К.Кулжанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15