Баетов айыл аймагынын айылдык кенешинин « Баетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2026-жылга карата келечек планын бекитүү жөнүндө» №1/4 токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2026-жылдын 4-февралы № 1/4
Баетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2026-жылга карата келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июну № 243 айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык жана Жер кодексинин 24-беренесине ылайык, Баетов айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Баетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2026-жылга карата келечек планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ч. Азимжанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.