Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3078-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 165-VIII
“Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3078-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. “Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3078-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта: 1–5-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1) Акаев Жанарбек Кубанычович – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2) Сейтказиева Эркеайым Алымовна – “Мекенчил” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Сагынаев Болот Турусбекович – “Элдик” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4) Талиева Камила Абдыразаковна – “Ата-Журт” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5) Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;”;
6–8-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын биринчи орун басары
Ч.И. Ажибаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.