# Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-июлундагы №47 «Тогуз-Торо айыл аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү жөнүндө » токтому

- Толук аталышы: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-июлундагы №47 «Тогуз-Торо айыл аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү жөнүндө » токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040768>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51396/edition/47266/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-июлундагы №47 «Тогуз-Торо айыл аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү жөнүндө » токтому (25.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040768

---

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы

2025-жылдын 25-июлундагы №47

«Тогуз-Торо айыл аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү жөнүндө »

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн ( бир башка эсептегенде) төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү сый акы белгиленсин: карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн -6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынган бөлтүрүк)-1500 сом, чөө үчүн -2000 сом.

2. Айыл аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомунун жобосуна ылайык иш алынып барылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.

4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы

У.Токтожумаев
