# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 21 "Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 21 "Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040760/edition/47261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 21 "Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (19.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040760

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 29-январы № 21

Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Президентинин 2026-жылдын 19-августундагы № 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Лицензиялануучу иштин түрлөрүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, колдонуудагы лицензиялоо тартибинин натыйжалуулугун баалоо, оптималдуу уюштуруучулук-укуктук чечимдерди иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. 2026-жылдын 30-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилсин.

(КР Президентинин 2026-жылдын 19-августундагы № 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялардын колдонулушу токтотулуп турат деп;

- апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт деп.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

– 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө апробациялык режимдин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн;

– 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына апробациялык режимди ишке ашыруунун орто аралык натыйжаларын эске алуу менен даярдалган Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин.

(КР Президентинин 2026-жылдын 19-августундагы № 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Жапаров |
