# 9-берене. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 9-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырат:

1) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашыруу;

2) коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышынын натыйжалуулугун координациялоону, талдоону жана баалоону жүзөгө ашыруу;

3) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

4) коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук тутумун түзүү;

5) коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана баалоо;

6) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди башкарууну аныктоо жана баалоо;

7) коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды колдонуу;

8) коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттерине маалыматтык-аналитикалык жана түшүндүрүү иштеринде, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу чөйрөсүндө билим берүү программаларын ишке ашырууда көмөктөшүү жана усулдук жардам берүү;

9) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашыруу.

2. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен өзүнүн расмий веб-сайтына коррупциянын абалы жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жөнүндө жыйынды отчетту коомдук жеткиликтүүлүк жана коомчулукка маалымдоо үчүн жайгаштырат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-10)
