# 8-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин ишинин максаттары

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-8

---

Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин иши төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) коррупция чөйрөсүндөгү изилдөөлөргө жана коррупциялык тобокелдиктерди талдоого негизденген натыйжалуу ишти уюштуруу, алардын ишинде коррупциялык укук бузууларга жол бербөө;

2) кызматкерлердин квалификациясын туруктуу негизде жогорулатуу, коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүүнүн заманбап тариздерин жана усулдарын колдонуу, укук коргоо органдарын техникалык камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, алардын ишине заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү;

3) соттордун өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын, алардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу;

4) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

5) жеке жана юридикалык жактардын коррупциялык укук бузуулар фактылары боюнча кайрылууларын толук, объективдүү жана өз убагында кароону камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-9)
