# 7-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 7-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды кабыл алууну камсыз кылат, ошондой эле алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылат.

4. Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырышат.

6. Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактар өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды өз ишине киргизүү аркылуу коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырышат.

7. Укук коргоо органдары, прокуратура органдары жана сот органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциялык укук бузууларды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды, көзөмөлдөө иш-милдеттерин жана сот адилеттигин жүзөгө ашырышат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-8)
