# 6-берене. Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 6-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-6

---

Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;

2) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары, башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле кызматчылары;

4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы статусуна ээ болбогон, бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек ишин жүзөгө ашырган адамдар;

5) ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери;

6) мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-7)
