# 5-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаты жана милдеттери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 5-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-5

---

Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаты болуп төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунда, ошондой эле мамлекеттик эмес сектордо коррупцияны түп-тамырынан жоюу саналат:

1) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында укуктук жүрүм-турумду жакшыртуу, коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маалыматтык ачыктыгын, айкындуулугун камсыз кылуу;

3) коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын жана механизмдерин аныктоо, алардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү;

4) коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды изилдөө, аныктоо жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу;

5) коррупциялык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу, бетин ачуу жана иликтөө;

6) коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти камсыз кылуу, коррупциялык укук бузуулар келтирген зыяндын ордун толтуруу;

7) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-6)
