# 4-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн принциптери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 4-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-4

---

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) мыйзамдуулук;

2) адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы жана айкындуулугу;

4) коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушу;

5) коррупцияга каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөткөн жактардын коопсуздугун, корголушун жана укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу;

6) мамлекеттин жарандык коом, эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-5)
