# 3-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 3-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-3

---

1. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.

2. Коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленет.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-4)
