# 29-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук статистика

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 29-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-29

---

1. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук статистика мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, коррупциялык кылмыштуулуктун абалын талдоо жана болжолдоо, ага каршы күрөшүүнүн тактикасын жана усулдугун иштеп чыгуу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштыруу боюнча чараларды аныктоо, ошондой эле коомчулукка коррупцияга каршы иштин натыйжалары жөнүндө маалымдоо максатында түзүлөт.

2. Коррупциялык багыттагы кылмыштардын бирдиктүү реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт, ал укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдары берген маалыматтардын негизинде түзүлөт.

3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча мамлекеттик орган кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу менен байланышкан укук бузуулардын реестрин жүргүзөт.

4. Салык органдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, мүлкүн жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелерин бирдиктүү салыктык декларациялоого байланыштуу статистикалык дайындарды чогултууну, жалпылоону жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.

5. Укуктук статистиканы жүргүзүүнүн жана тиешелүү органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-30)
