# 28-берене. Коррупциялык укук бузуулардын натыйжасында жасалган актылардын, келишимдердин жана башка документтердин, ошондой эле аракеттердин жараксыздыгы

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 28-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-28

---

1. Коррупциялык укук бузуулардын натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар (алардын түзүмдүк элементтери) жана ченемдик эмес укуктук актылар тиешелүү актыларды жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан өз демилгеси боюнча же болбосо кызыкдар жактардын же прокуратура органдарынын доосу боюнча сот тартибинде жокко чыгарылууга тийиш.

2. Коррупциялык укук бузуулардын натыйжасында түзүлгөн бүтүмдөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, кызыкдар жактардын же прокурордун доосу боюнча Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан жараксыз деп таанылат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-29)
