# 27-берене. Зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 27-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-27

---

1. Коррупциялык укук бузууларды жасоонун натыйжасында келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө толтурулууга тийиш.

2. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарда коомдук статуска ээ болгон адамдардын коррупциялык укук бузуулары менен Кыргыз Республикасынын жарандарына, мекемелерине жана уюмдарына келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык толтурулууга тийиш.

3. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери өз компетенциясынын чегинде коррупциянын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-28)
