# 23-берене. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 23-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-23

---

1. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар коррупциялык укук бузууларды аныктоого, иликтөөгө жана бөгөт коюуга, ошондой эле жактарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган.

2. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаган коррупциялык укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кийин укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

3. Коррупциялык кылмыштарга бөгөт коюу сот органдары, прокуратура органдары жана укук коргоо органдары тарабынан аларды жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган чараларды колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-24)
