# 22-берене. Коомчулуктун коррупцияга каршы аракеттенүүгө катышуусу

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 22-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-22

---

Жарандар, жарандык коомдун уюмдары коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышууга, бул жааттагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө, ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө;

2) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча көз карандысыз мониторинг жүргүзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;

4) коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты таанытууга катышууга;

5) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча көз карандысыз, анын ичинде илимий жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

6) коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатууга, маалыматтык-билим берүү ишине катышууга, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча калкка укуктук жардам көрсөтүүгө.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-23)
