2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдердин маанилери
Күчүндө · 13.02.2026 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) коррупция - кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жосун, ошого тете коррупциялык укук бузуулардын субъекттери тарабынан өзү же башка адамдар үчүн мыйзамсыз пайда алуу же болбосо мындай пайда сунушун кабыл алуу максатында аларга берилген кызматтык ыйгарым укуктарды же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кызмат адамын ага берилген кызматтык ыйгарым укуктарын же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү укукка каршы пайдаланууга көндүрүү максатында бул адамга же анын талабы боюнча башка жеке же юридикалык жактарга мыйзамсыз пайданы сунуштоо же берүү;
2) мыйзамсыз пайда - кызмат адамы же ага теңештирилген адам өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусуна байланыштуу бул үчүн мыйзамдуу негиздерсиз убада кылган, сунуштаган, берген же алган, мыйзамдуулук жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу принциптерине каршы келген, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирген ар кандай материалдык же материалдык эмес байлыктар (анын ичинде акча каражаттары, мүлк, кызмат көрсөтүүлөр, жеңилдиктер, артыкчылыктар жана башка активдер);
3) коррупцияга каршы аракеттенүү - коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин коррупциянын алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана (же) жоюу боюнча алардын ыйгарым укуктарынын чегиндеги, төмөнкүлөрдү камтыган иши:
а) коррупциянын алдын алуу - коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды изилдөө, аныктоо жана жоюу боюнча чаралардын топтому, ошондой эле коомдо коррупцияга келишпестикти калыптандырууга багытталган ишмердүүлүк;
б) коррупцияга каршы күрөшүү - коррупциялык укук бузууларды аныктоо, иликтөө, бетин ачуу жана бөгөт коюу;
в) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана (же) жоюу - коррупциялык укук бузуулар келтирген зыяндын оордугун азайтууга, коррупциянын кесепеттерин жоюуга багытталган тиешелүү чараларды колдонуу;
4) коррупциогендик фактор - коррупциялык укук бузууларды жасоого мүмкүнчүлүк түзгөн, укуктук, башкаруу, уюштуруучулук же социалдык-экономикалык тутумдагы ар кандай укуктук ченем, шарт же тажрыйба;
5) коррупциялык тобокелдик - коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептердин жана шарттардын пайда болуу ыктымалдыгы;
6) коррупцияга каршы экспертиза - ченемдик укуктук актынын (ченемдик укуктук актынын долбоорунун) жоболорунда коррупциогендик факторлордун бар экендигин талдоо, алардын коррупциогендик даражасын баалоо жана аларды алып салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) коррупцияга каршы стандарттар - коррупциянын алдын алууну камсыз кылуучу чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын бирдиктүү тутуму;
8) жакын туугандар - ата-эне, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелер;
9) кайын журт - күйөөсүнүн (аялынын) жакын туугандары;
10) аффилирленген жактар - башка адамдын чечим кабыл алуусуна түз же кыйыр түрдө, анын ичинде төмөнкүлөрдүн натыйжасында таасир этиши мүмкүн болгон жеке же юридикалык жактар:
а) түзүлгөн бүтүм (келишим);
б) юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшкө (акцияларга) ээлик кылуу;
в) финансылык же башка милдеттенмелерге байланыштуу башка жеке же юридикалык жакка көз каранды болуу же анын контролунда болуу;
г) үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле багуудагы же толук камкордуктагы башка адамдар менен жакын туугандыкта же кайын журт болуу.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган терминдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230040756/st-2" title="2-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>