# 19-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугунун стандарттары

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 19-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-19

---

Иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциянын алдын алуу боюнча төмөнкүдөй чараларды киргизүүгө милдеттүү:

1) маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте алардын иши, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуу процесси жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

2) административдик жана бюрократиялык бөгөттөрдү жоюу, каттоо, уруксат берүү жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ыкчамдыгын жогорулатуу;

3) мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну санариптик трансформациялоо, өз ара мамилелердин аралыктык тариздерин киргизүү, көрсөтүлүүчү кызматтарды электрондук форматка өткөрүү;

4) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү;

5) мамлекеттик сатып алууларды жайгаштырууда ачыктыкты, айкындуулукту жана атаандаштык чөйрөсүн колдоону камсыз кылуу, чечимдерди кабыл алууда объективдүү критерийлерди колдонуу, мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү аркылуу коомдук контролду жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-20)
