# 18-берене. Коррупцияга каршы чектөөлөр

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230040756/edition/47259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230040756/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 18-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-18

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жарандары коррупциялык укук бузууларды жасоого жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өз ыктыяры менен кабыл алышат.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алар ыйгарым укук берген кызмат адамдары) кызматчыдан чектөөлөрдү кабыл алгандыгы, анын чектөөлөрдү сактоо зарылдыгы жөнүндө талаптар менен таанышкандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмени талап кылуу аркылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды аткарбаган учурда жоопкерчилик чараларын түшүндүрүү аркылуу камсыздоо чараларын көрүшөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланыштуу чектөөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

2. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы статусуна ээ болбогон, бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек ишин жүзөгө ашырган адамдар, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери жана кызматкерлери коррупциялык укук бузууларды жасоого жол бербөө максатында төмөнкүлөргө тыюу салуучу чектөөлөрдү сактоого милдеттүү:

1) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, күйөөсүнө (аялына), жакын туугандарына же кайын журтуна ишкердикти жүзөгө ашырууда кызматтык абалын пайдалануу менен көмөк көрсөтүүгө; жеке жана юридикалык жактарга ишкердикти жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын бул үчүн өзү же үчүнчү жактар үчүн ар кандай пайда алуу менен пайдаланууга; мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адам же башка өкүл болууга;

2) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды түзүүгө жана кызмат убактысында алардын ишине кандайдыр бир таризде катышууга же аларга көмөк көрсөтүүгө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен шайланган Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо);

3) расмий таратылууга тийиш болбогон кызматтык жана башка маалыматтарды мыйзамдарда каралбаган мүлктүк жана мүлктүк эмес байлыктарды жана артыкчылыктарды алуу максатында пайдаланууга; материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

4) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акча каражаттарын же башка мүлктү, материалдык эмес активдерди, артыкчылыктарды, жеңилдиктерди же кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан, эгерде мындай аракеттер кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе же кызматтык абалына жараша мындай аракеттерге (аракетсиздикке) түрткү бериши мүмкүн болсо, аларды берген жактардын же болбосо үчүнчү жактардын пайдасына жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн белектерди кабыл алууга;

5) жетекчилери, катышуучулары (уюштуруучулары) болуп алардын жубайлары, жакын туугандары же кайын журту саналган юридикалык жактар же жеке ишкерлер, мүлктүн менчик ээлери же аффилирленген жактар менен мамлекеттик (муниципалдык) уюмдардын жана мекемелердин атынан бүтүмдөрдү жасоого;

6) кызматчынын өзүнүн жана анын аялынын (күйөөсүнүн), жакын туугандарынын, кайын журтунун же аффилирленген жактардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

7) өзү менен үй-бүлөлүк, жакын туугандык же кайын журттук мамилелерде болгон адамдарга түздөн-түз баш ийүү же контролунда болуу менен байланышкан кызматта болууга;

8) референдумдарды жана шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга;

9) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды жана сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен кызматтык иш сапарларга жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сапарларга чыгууга;

10) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде жана башка расмий өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик кызматтарды ээлеген (ээлеп турган) кызмат адамдарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш жүргүзгөн чет өлкөлүк банктарда эсептерди (аманаттарды) ачууга жана ээлик кылууга, накталай акчаларды жана баалуулуктарды сактоого.

3. Белгиленген чектөөлөр ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан сакталбаган фактынын аныкталуусу, эгерде ал кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, кызматчыга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756/st-19)
